Парламент Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү мыйзамын кабыл алды

Парламент Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү мыйзамын кабыл алды

Евразиялык экономикалык биримдиги өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара байланышка көмөктөшүү жана инвестициялардын агымын көбөйтүү, экономикалык интеграцияны өнүктүрүү жана соода мамилелерин кеңейтүү. Мындай милдеттерди Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы чечет. Бүгүн Казакстандын Сенаты аны түзүү боюнча бир жыл мурун Ереванда кол коюлган келишимди жактырды. Жогорку палатанын депутаттарынын айтымында, мындай уюмду түзүү экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өз ара соодасын шыктандырат. Эң негизгиси үчүнчү өлкөлөргө чийки зат эмес экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Депутаттар менен серепчилердин айтымында, андан ата мекендик экспортчулар дагы пайда көрүшөт. Анткени компания экспорттук ишмердүүлүктү жүргүзгөн уюмдардын тобокелдиктерин камсыздандырууга багытталган.

Сүйиндик Алдашев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү ата мекендик экспорттук камсыздандыруу компаниясына Орусияга, Беларуска, Арменияга жана Кыргызстанга экспортко байланыштуу камсыздандыруу тобокелдигинин 20 пайызга чейинкисин жаңы субъектке өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет. Мунун аркасында казакстандык компанияга кошумча камсыздандыруу милдеттенмелерин кабыл алууга жана анын натыйжасында ата мекендик экспортчуларга көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, адистердин баалоосу боюнча, биримдиктин алкагында өз ара сооданын өсүшү 6 миллиард АКШ долларынан ашуусу мүмкүн. Ошондуктан, Казакстандын экономикасы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ала алат.

 

Аслан Калигазин,  «Kazakhexport» экспорттук камсыздандыруу компаниясы» АК башкарма төрагасы:
- Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлгөн кезде биз өз мойнубузга алган тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу үчүн ушул компанияга өткөрүп бере алабыз. Ага чейин бул багытта европалык кайра камсыздандыруу компаниялары менен иштешкенбиз. Мисалы, кандайдыр бир саясий кырдаалдан улам карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткара албай калганын же ишкананын өзү банкротко учураганын көргөндө, биз казакстандык компаниянын чыгымын толтуруп бере алабыз. Бизде бул доомат бир топ убакыттан бери жакшы жолго коюлган. Бул багытта бир топ иштер аткарылып жатат. Маселен, Борбор Азия өлкөлөрү менен аталган багытта кызматташуу чөйрөсү өнүгүп жатат. Мунун аркасында биз аймактын мамлекеттери менен дээрлик 100% компенсация алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков