Казакстан менен Жапониянын соода алакасы 1,8 млрд долларга жетти

Казакстан менен Жапониянын соода алакасы 1,8 млрд долларга жетти

Казакстан менен Жапония стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Соода-экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов менен Хиросима префектурасынын губернатору Хидехико Юзакинин жолугушуусунда талкууланды. Тараптар "Хиросима – Семей" демилгесин улантуунун, ошондой эле Mayors for Peace эл аралык кыймылынын алкагында билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Хиросима префектурасынын губернатору эки өлкөнүн өзөктүк куралды жайылтпоо маселелеринде өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Олжас Бектенов республика Жапония менен саламаттыкты сактоо жана радиациядан жабыркагандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле радиациялык медицина жаатында технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгиледи. Казакстандын премьер-министри ошондой эле Семейдеги өзөктүк сыноолордун кесепеттерин жоюу үчүн грант берүүгө ниеттенип жаткан Жапония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, өткөн жылы республика менен Күн чыгыш өлкөсүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2 миллиард долларга жакынды түздү. Акыркы 20 жылда жапон бизнеси Казакстандын экономикасына 8 миллиард доллардан ашык инвестиция салган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков