Өкмөт жазгы суу ташкынына даярдык иштерин талкуулады

Өкмөт жазгы суу ташкынына даярдык иштерин талкуулады

Өкмөт суу каптоонун алдын алууга багытталган иш-чаралардын жүрүшүн талкуулады. Бул бекеринен эмес. 13 аймакта суу каптоо коркунучу өтө жогору 255 калктуу конуш бар. Анда 127 миңден ашык үйдө 700 миңден ашык адам жашайт. Азыртадан эле кооптуу жана башка аймактарда гидрокурулуштар калыбына келтирилип, суу агызуучу каналдар жана түтүкчөлөрдүн тешиктери кардан тазаланып жатат. Табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн 35 миң адам, 11 миңге жакын техника, 12 аба-куткаруучу кеме, 700дөн ашык сүзүүчү жана 3 миңден ашык мотопомпалар толук жабдылган. Кооптуу аймактардын тизмесине кирген жерлерде күнү-түнү нөөмөт уюштурулат. Кырсык болгон учурда поездди жана анын вагондорун адамдарды эвакуациялоо жана жайгаштыруу үчүн пайдалануу көздөлүүдө.

Марат Карабаев, Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:

- Таштар, рельс жана кондициясы жок темир-бетон шпалдары бар 45 селге каршы поезддер курулуп жатат. 1713 локомотив, 61 миң адамды эвакуациялоого жарамдуу 1603 вагон даярдалды. Ошондой эле, атайын техникалары менен 84 калыбына келтирүү жана өрт өчүрүүчү поезддер дайыма даярдыкта турат. Учурда жол боюна 2,4 миң кубометр таш жана 8 миң кондицияланбаган темир-бетон шпалдары иштелип чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков