Казакстанда жаңы суу сактагычтар курула баштайт

Казакстанда жаңы суу сактагычтар курула баштайт

Быйыл Казакстандын үч аймагына дароо төрт жаңы суу сактагыч курулат. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча «Акмол», «Калгут» жана «Караузек» өлкөнүн түштүгүндө жайгашат. Алар вегетация мезгилинде дээрлик 23 миң гектар аянттагы суу тартыштыгын толтурушу керек. Батыш Казакстан облусунда төртүнчү «Чоң өзөн» суу сактагычынын курулушу пландалууда. Анда сел жана эриген суулар сакталып, эки калктуу конушту суу каптоо коркунучунун алдын алат. Жалпысынан 2028-жылга чейин республикада 42 суу сактагыч куруу, 37 гидротехникалык курулманы жана 14 миң чакырым ирригациялык каналдарды реконструкциялоо көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков