Казакстандын атом энергетикасында стратегиялык долбоор колго алынды

Казакстандын атом энергетикасында стратегиялык долбоор колго алынды

Казакстандын атомдук өнөр жайы жаңы этапка өттү. Өскеменде биринчи жолу атомдук электр станциялары үчүн жылуулук бөлүштүрүүчү жабдууларды чыгаруу ишке киргизилди. Ал реакторлордун энергетикалык жүрөгү болуп эсептелет. Ата мекендик атомчулар бир сменада мындай эки энергия алып жүрүүчү жабдууну чогулта алышат. Бул долбоор Казакстанды атомдук электр станциялары үчүн өзөктүк отун өндүрүүчү жана берүүчү өлкөгө айлантат. Эми өлкө табигый уранды гана өндүрүп тим болбостон, даяр өзөктүк отунду өнөктөш өлкөлөргө эки эсе кымбат сатып, толук циклге өтө алат.

Лоранс Бурашо, энергетикалык компаниянын вице-президенти, /Франция/:

- Сиздердин заводдо өндүрүлгөн энергия ташыгычтар негизинен Азия рыногуна багытталган. Бул аркылуу Казакстан атомдук энергетикада жашыл технологияларды колдонгон өлкөлөрдүн арасында маанилүү ролго ээ болот.

Казакстан Кытайга жыл сайын 200 тонна өзөктүк отунду жылуулук алмаштыргыч түрүндө сатууну мерчемдеп жатат. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасында өлкөнүн энергетикалык рыногуна суроо-талап жогору. Учурда Кытайда 11 атомдук электр станция блогу курулуп жатат.

Владимир Вахненко, Өскемен металлургиялык заводу башкарма төрагасынын орун басары:

- Биз өзөктүк отунду ички рынокко чыгарууга азыртадан эле даярбыз. Мунун баары суроо-талапка жараша жүзөгө ашырылат. Биздин өнүмүбүздү керектөөчү кытайлык өнөктөштөрүбүз бир гана жеткирүүчүгө көз каранды болгусу келбейт. Ошондуктан алар биз менен иштешүүгө кызыктар.

Казакстанда урандын дүйнөдөгү чалгындалган корунун 14%ы бар. Өлкө тынчтык максатта ядролук өндүрүш тармагындагы лидерлигин сактап, кайра иштетүү технологиясын жакшыртып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков