Эми Казакстандын жарандары Таиландга визасыз бара алышат. Өлкөнүн жарандарына убактылуу уруксатты аталган мамлекеттин өкмөтү бекитти. Таиланд менен Казакстандын ортосундагы визасыз режим 2023-жылдын аяк оона айынын 25нен баштап 5 айга жеткиликтүү болот. Бул аралыкта Казакстан жарандары туристтик өлкөгө 30 күн визасыз жүрө алышат.
Казакстан Гонконг менен визасыз
режимди бир айга чейин узартууну сунуштады
Казакстан Гонконг менен визасыз режимди узартууну сунуштады. Буга чейин аталган өлкөдө болуу мөөнөтү 14 күндөн ашпаса, эми ал бир айга чейин узартылышы мүмкүн. Мындан тышкары планга түз авиакаттамдарды жандандыруу камтылган. Республиканын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул өз ара алыскы жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандандырат. Белгилей кетсек, жалпысынан Казакстан 26 мамлекет менен визасыз режимди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков