Бирок айдоочу 18 жашта болушу жана каска кийиши керек. Ошондой эле, анын жарык чагылдыруучу кийими жана каалаган категориядагы айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Мажилистин депутаттары электросамокаттары менен жолдо жүрүү тартибин жөнгө салган мыйзамды кабыл алышты. Мындан тышкары, жолдордун жээгинде, велосипед тилкелеринде жана тротуарларда жүрүүгө уруксат берилет. Болгону коопсуздук чараларын жана ылдамдыкты чектөөнү эске алуу керек. Мындан ары мыйзамдын алкагында электросамокаттар транспорт категориясына киргизилет. Белгилей кетсек, долбоор депутаттардын сунушу менен иштелип чыккан.
Екатерина Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Тротуарлар менен саатына 6 километрден ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилет. Бул ыкма эң ылайыктуу болуп саналат. Тротуардагы ылдамдыкты чектөө жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздайт. Чектөөлөрдү башкаруу кыйын. Бирок мындай ылдамдык болжол менен жөө жүргүнчүлөр тилкесинин ылдамдыгына барабар. Бул ылдамдык визуалдык түрдө аныкталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков