Казакстандык 13 тасма Москванын эл аралык кинобазарында көрсөтүлдү. Алардын ичинен үчөөнүн жеке көрсөтүүсү уюштурулду. Алар - өспүрүм курактагы маселелерди козгогон «Схема» тасмасы, «1941-жылдын жайы» аттуу тарыхый тасма жана «Зере» драмасы.
Бауыржан Шөкенов, кино борбор башкарма төрагасынын орун басары:
- Казакстан киносунун демин, кандай тасма тартылып жатканын көрсөтүү үчүн келдик. Бул негизинен социалдык мааниси бар тасмалар. Маанилүүлүгүнө байланыштуу мамлекет коомчулукту түйшөлткөн маселелерди көтөргөн дал ушундай тасмаларды каржылоого өзгөчө көңүл бөлүп жатат.
Екатерина Бордачёва, «Орусия кино бизнеси» форумунун башкы мүдүрү:
- Ар кандай жанрдагы тасмалардын жогорку деңгээлде тартылганын көрдүк. Орусияда айрыкча казак комедияларын жакшы көрүшөт. Пандемия учурунда үйдө отурганда баарыбыз көрдүк. Албетте, Казакстан киносу да өзүнүн масштабдуу тарыхый чыгармалары менен белгилүү. Маселен, баарыбыз Томирис тасмасынын Орусияда чыгышын күтүп, тасманы интернет аянтчалардан көрдүк.
Иш-чарага катышуунун негизги максаты - прокат компаниялары менен стриминг платформаларына тасмаларды тартуулоо. Азыркы учурда мындай аянтчалардын каржылык эффективдүүлүгү чоң экрандарда көрсөтүлгөн тасмалардын ийгилигинен кем калышпайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков