Казакстанда жаңы окуу жылында «Ыңгайлуу мектеп» улуттук
долбоору боюнча алгачкы 20 объект ишке берилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында
тармактык бөлүм башчы билдирди. Окуу-агартуу министринин маалымдашынча быйыл
222 мектеп оңдоодон өтөт. Алардын арасында жазында суу ташкынан жабыркаган
билим берүү борборлору бар. Гани Бейсембаев 40 билим берүү мекемесинде калыбына
келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, интернетке туташпаган
алыскы билим берүү борборлорунда Starlink спутниктик интернетин орнотуу иштери
аяктоо алдында турат. Өкмөт башчы Олжас Бектенов окуу-агартуу министрине бул
иштерден сырткары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы иштердин
темпин тездетүүнү тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Билим берүүнүн бардык баскычтарында жаңы сапат
талаптарын белгилөө зарыл. Орто билим берүү тармагында ыңгайлуу мектептер
өнүгүүнүн негизги эталону болууга тийиш. Башка мектептерди ыңгайлаштырып,
оңдоп-түзөө керек.
Жогорку окуу жайларында билим берүү маселеси да көңүл
сыртында калган жок. Быйылкы жылы Өкмөт тарабынан 94 миңден ашык билим берүү
гранттары бөлүнсө, анын 1890у атактуу чет элдик университеттердин ата мекендик
филиалдарында окууга бөлүнгөн. Учурда Казакстанда 27 чет элдик университеттин
филиалдарын ачуу боюнча келишим бар. Алардын ичинен 7си быйылкы окуу жылында
иштей баштайт. Жогорку окуу жайларынын санын гана эмес, сапатын да жакшыртууга
басым жасалууда. Бул жаатта университеттер эл аралык кызматташтыкты чыңдап,
тереңдетилген илимий изилдөөлөргө өтө баштады, дейт тармак министри.
Саясат Нурбек, илим жана жогорку билим берүү министри:
- Жаш илимпоздорду жана жалпы эле окумуштууларды
социалдык жактан коргоо боюнча кабыл алынган мыйзамдын алкагында кошумча эмгек
акыларды жогорулатуу, кошумча төлөмдөр, турак-жай менен камсыз кылуу, жаштар
үчүн гранттардын санын көбөйтүү сыяктуу бир катар чаралар кабыл алынган. Эми
биз чыгармачылык, конкреттүү маселени чечүүгө багыттообуз керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков