Казакстанда
эл аралык деңгээлдеги логистиктер даярдалат. Аларды Британиянын Королдук
транспорт жана логистика институтунун филиалы чыгарат. 2017-жылы Алматыда
ачылган, бүгүнкү күндө анын өкүлчүлүгү Астанада да иштейт. Бул убакыттын ичинде
300дөн ашык тармактык адистер даярдалган – алар өлкөнүн ичинде да, чет
өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ. Ааламдашуу жана технологияны өнүктүрүү шартында
адистиктин келечеги жана өнүгүүсү борбор калаада өткөн логисттердин эл аралык
жаштар форумунда талкууланды. Ал эми жаш катышуучулар үчүн – Борбордук Азиядагы
11 адистештирилген университеттин студенттери үчүн тренинг өткөрүлдү. Казакстандын
алдыңкы транспорттук-логистикалык компаниялардын өкүлдөрү тажрыйбалары менен
бөлүштү. Баяндамачылар электрондук коммерцияны өнүктүрүү, региондун соодасын
жана экономикасын өнүктүрүүдө мультимодалдык Орто коридордун ролу жана жеткирүү
чынжырын башкарууда жасалма интеллекттин интеграциясы тууралуу айтып беришти.
Нурлан
Игембаев, Казакстандагы логистика жана транспорт королдук институтунун
президенти:
- Азыр
эң башкысы – жаш адистерди даярдоого көңүл буруу керек, ошондо биз өзүбүздүн
максатыбызды ишке ашыруу үчүн эл аралык деңгээлдеги адистерди биздин аймактын
транспорттук-логистикалык хабы боло алабыз. 2018-жылы биз 5 өлкөнү бириктирип,
дал ушул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Королдук логистика институтунун хабы болдук.
Борбордук Азиянын бардык 5 өлкөсүндө өзүбүздүн филиалдарыбыз бар.
Асад
Халиков, Академик М.С. Осими атындагы Тажик техникалык университетинин
студенти:
- Мен маркетолог-логистикада
окуп жатам.
Биздин билишибизче, Казакстан Борбордук Азиядагы транспорттук, темир жол жана
бонуска ээ болгон абдан чоң өлкө жана деңиз логистикасы экономиканы өнүктүрүүдө
абдан чоң роль ойнойт. Биз
жада калса менин эки курсташым болуп Астанага
тажрыйба алмашууга
барып, келечекте пайдалуу боло турган баалуу тажрыйбага ээ болгубуз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

