Илимий долбоорлордун өлкө экономикасына кошкон салымы 118 млрд теңгеден ашты

Илимий долбоорлордун өлкө экономикасына кошкон салымы 118 млрд теңгеден ашты

Казакстанда илимди өнүктүрүүгө быйыл 252,5 миллиард теңге жумшалды. Бул акыркы 6 жылдагы көрсөткүчтөн 6 эсе көп. 2029-жылга чейин, чөйрөнү өнүктүрүү концепциясына ылайык, аны каржылоо ИДӨдүн 1% чейин көбөйтүлөт. Жалпысынан өлкөдө жаш окумуштуулар көбөйүп келүүдө, алардын үлүшү бүгүнкү күндө 46%ды түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда такшалмадан өтүшөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр билдирди. Олжас Бектенов белгилегендей, илимди өнүктүрүүдө жана Казакстандын глобалдык академиялык коомчулукка интеграцияланышында чет өлкөлүк ЖОЖдордун филиалдары маанилүү роль ойношу керек. Министрлер кабинетинин башчысы аларды өлкөгө тартуу боюнча ишти активдештирүүнү тиешелүү мекемеге тапшырды. Ошону менен бирге, Өкмөт башчынын пикири боюнча, технологиялардын жана инновациялардын өнүгүшүнө түрткү берүү Казакстанда илим сыйымдуу аймактарды – илим даражалары деп аталган региондорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан өлкө экономикасына илимий долбоорлордун жалпы салымы 118 миллиард теңгеден ашты.  2016-жылдан бери республикада илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштырууга багытталган 6 сынак өткөрүлдү. Учурда Казакстанда 208 долбоор ишке ашырылып жатат, анын 25и экспортко чыкса, 6сы 1 миллиард теңгеден ашык сатуу көлөмүнө жетти.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


- Илим экспортко багытталган, жогорку технологиялуу жаңы ишканаларды түзүүгө салым кошушу керек. Илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу деңгээлин жогорулатуу зарыл. Өндүрүштү локалдаштыруу, экспорттук өнүмдү чыгаруунун жаңы технологияларын иштеп чыгуу жараянында бизнеске колдоо көрсөтүү кажет. Ар бир институттун же университеттин ири ишканалардан өнөктөшү болушу керек. Алар билим берүү мекемесине максаттуу буйрутмаларды берип, чыгымдарды чогуу каржылоого тийиш. Салыктык жеңилдиктер 2025-жылдын үчтүн айынын 1нен баштап илимге бизнес инвестицияларын шыктандыруу үчүн киргизилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков