Астанада баш
оона айынын 3дө Казакстан-Ооганстан бизнес форуму өтөт. Тараптар
телекоммуникация, инвестиция, энергетика менен транспорт-логистика жана жаңы
соода багыттарынын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ооганстан - Борбор Азия, Индия
жана Перс булуңунун өлкөлөрүн байланыштырган көпүрө болуп саналат. Эң негизгиси
аталган мамлекет аркылуу Жакынкы Чыгышка жана Африкага алып баруучу деңизге
чыгууга болот. Ошондой эле Ооганстан Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстан менен эң
көп соода жүргүзөт. Азыр эки тараптуу соода жүгүртүү 1 миллиард долларга
жакындады. Өлкөдө 500 миллион доллардан ашык жаңы товарлардын түрлөрүн
экспорттоо мүмкүнчүлүгү дагы эле жогору. Жакынкы жылдарда өз ара сооданын
көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Ушул жана башка
артыкчылыктарды борбордо чогулган 400дөн ашык делегат талкуулашат.
Кайрат Төребаев, соода жана интеграция вице-министри:
Ооганстандын соода министри Нуриддин Азизи башында турган 200дөн ашык делегация келери күтүлүүдө. Делегациянын башка мүчөлөрү — бизнестин өкүлдөрү. Алар бизнестин, ири энергетика жана телекоммуникация компаниялары, Борбордук банктын жана бир катар жеке банктардын өкүлдөрү, килемдерди, суусундуктарды, асыл таштарды өндүрүүчүлөр жана башкалар. Мен дароо белгилеп кетким келет, ооган делегациясынын бардык мүчөлөрү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмесине кирбейт жана ошого жараша аларга карата эч кандай чектөө чаралары колдонулушу мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, Казакстандын ун экспортунун 70%ы Ооганстанга туура келет. Былтыр анын көлөмү 50%га, буудай ташуу 20%га өскөн. Күн карама майы бизден 6 эсе көп алынып келинди. Ошондой эле ата мекендик кара буудайды, дары-дармектерди, жер семирткичтерди жана прокаттарды экспорттоо колго алынды. Өз кезегинде аталган республика Казакстанга мөмө-жемиш, жашылча, жаңгак сыяктуу түрдүү айыл чарба азыктарын сунуштай алат. Ооган товарларынын сапаты менен форумдун алкагында өтүп жаткан көргөзмөдөн таанышууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков