137 миллиард теңге инвестиция 2024-жылдын биринчи
жарымында Жетису облусуна тартылган. Ал эми жылдын аягына чейин бул жерге 375
миллиард теңге капиталдык салым жумшоо пландалууда. Премьер-министр Олжас
Бектенов иш сапарынын алкагында 6 айдын жыйынтыгы жана аймактын
социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Алсак, сооданын көлөмү 23%га,
курулуш иштери – дээрлик 34% га, байланыш – 7,5% га көбөйгөн. Жалпысынан
аймактын потенциалы агро өнөр жай комплекси, иштетүүчү өнөр жай жана логистика
менен көрсөтүлгөн. Өкмөт башчы белгилегендей, быйыл аймактагы тармактарды
каржылоо өстү. Тактап айтканда, 23 миллиард теңге агро өнөр жай комплексине
чакан жана орто бизнестин насыялары боюнча субсидия берүүгө багытталган.
Тармактык ведомствого жана акимчиликке айыл чарбасын жана кайра иштетүү
секторун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Инвестициялык долбоорлорго
токтолсок, быйыл Жетису облусунда 58 демилгени ишке ашыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, учурда аймакта беш жүздөн ашуун өнөр жай ишканалары иштеп
жатат.
Кототргон: Илгиз
Жамалбеков