Быйыл Астанада №2 индустриалдык парктын курулушу башталат

Быйыл Астанада №2 индустриалдык парктын курулушу башталат. Азыр анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Инфраструктуранын курулушун 3-4 жылда бүтүрүү пландалууда. Бул үчүн борбордун атайын экономикалык аймагынан 400 гектардан ашык жер бөлүнгөн. Жаңы парк 150 ири долбоорго ылайыкташтырылган. Аларды ишке ашырууга 500 миллиард теңгеге жакын каражат жумшалат. Ошондой эле өндүрүш борборлорунун даяр өнүмдөрүн жеткирүү үчүн логистикалык парк курулат. Анын курулушу келерки жылдын соңуна мерчемделген. 

Халел Акимжанов, Астана шаары акимчилигинин инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

- Анда 100дөн ашык долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделген. Бул үчүн 150-200 миллиард теңге көлөмүндө инвестиция тартуу көздөлүүдө.  Мындай ири инфраструктуралык объекттерди бириктирүү өндүрүш, логистика жана экспорт сыяктуу даяр өнүмдү жеткирүү чынжырын оптималдаштырууга жардам берет.

Казакстан 2029-жылга чейин 150 млрд доллар чет элдик инвестиция тартууга ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, өлкөнүн борбору инвестициялык долбоорлорго каражат тартуу боюнча региондор арасында алдыңкы орунда турат. Учурда Казакстандын “Улуттук санариптик инвестициялык платформасында” 700дөн ашык долбоор ишке ашырылууда. Алардын жалпы баасы 32 триллион теңгеге жакын. Көбү чет элдик капитал. Азыр өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестициянын жаңы мезгили башталды.

Габидолла Оспанкулов, Тышкы иштер министрлиги инвестиция комитетинин төрагасы:

- Бул жаңы инвестициялык циклде биз 2029-жылга чейин 150 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуубуз керек. Бул жыл сайын төлөнүүчү 25-27 миллиард АКШ долларына туура келет. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп чыгып, азыр жаңы циклди сапаттуу ишке ашыруу боюнча пакеттик сунуш киргиздик. Алар өздөрүнүн өндүрүшүн ачуу үчүн инфраструктурага муктаж. Ошондуктан инфраструктураны түзүү максатында 2029-жылга чейин “Улуттук инфраструктура” долбоорун түздү.  Бул долбоор 200дөн ашык ири инфраструктуралык долбоорлорду курууну көздөп жатат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков