Казакстанда полипропилен өндүрүү боюнча биргелешкен газ-химия комплекси пайда болот

Казакстанда полипропилен өндүрүү боюнча биргелешкен газ-химия комплекси пайда болот

Жакында Казакстанда полипропиленди өндүрүү боюнча биргелешкен газ-химиялык комплекс ишке киргизилет. Комплекс жылына 500 миң тонна өнүм  чыгара тургандыгы белгиленген. Пилоттук долбоор ошондой эле углеводороддорду тереңирээк иштетүүгө мүмкүндүк берет.Дүйнөлүк аренада жаңы полимер өндүрүүчүнүн пайда болушу керектөөчүлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени чийки зат жеткирүүчүлөр алмашып, кошумча марка түрлөрү пайда болот. Буга кошумча жеткирүүнүн альтернативдик жолдору ачылмакчы. Азыркы учурда бул объекттин иши дээрлик 100% га аяктап калды. Комплекстин аймагында негизги курулуш иштери аяктап, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков