2025-жылы 2 триллион теңгеден ашкан инвестициялык долбоорлор ишке киргизилет

2025-жылы 2 триллион теңгеден ашкан инвестициялык долбоорлор ишке киргизилет

Казакстанда 2025-жылы бир катар инвестициялык долбоорлор ишке кирет. Алардын 15и Түркестан облусунда, 14ү Алматыда пайда болот. Алар толук кубаттуулукка чыгарылгандан кийин жалпы акча өндүрүшү 2 триллион теңгеден ашат деп күтүлүүдө. Ал эми пландаштырылган долбоорлор аркылуу импортту алмаштыруунун көлөмү улуттук валютада дээрлик 1,5 триллионду түзөт. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти. Тармактык бөлүмдүн маалыматы боюнча, унаа жасоо, өндүрүш, темир жана болот сыяктуу тармактарга басым жасалат. Алматыда жылына 90 миң жеңил унаа чыгара турган жаңы мультибренд автозавод куруу пландалууда. Костанай облусунда дагы бир автоунаа ишканасы пайда болот. Ал жерде жылына КИА маркасындагы 70 миң даана унаа чыгарылат. Мындан тышкары, Шымкентте алюминий баштык чыгаруучу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун модернизациялоо мерчемделүүдө. Долбоор жаңы технологияларды жана өнүмдөрдү киргизүү аркылуу Казакстандын өнөр жай дараметин жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле Атырау жана Абай облустарында эки ишкананын курулушу күтулүүдө. Заводдордо суюк өнүм үчүн жүк ташуучу вагондор жана картон таңгактар чыгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков