Өкмөт орто бизнести колдоонун комплекстүү программасын иштеп чыгат

Өкмөт орто бизнести колдоонун комплекстүү программасын иштеп чыгат

Документ бизнестин бардык суроо-талабын канааттандырышы керек. Аны иштеп чыгууга ишкерлер, серепчилер, депутаттар, ошондой эле жергиликтүү аткаруу органдарынын жана президенттик администрациянын өкүлдөрү тартылат. Жалпысынан Казакстанда 10 триллион теңгеден ашык суммага товарлар менен жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын айрымдары орто ишканаларга таандык болушу мүмкүн. Бул багытка түрткү берүү үчүн ата мекендик өнүмгө кардарлардын тизмесин кеңейтүү көздөлүп жатат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Орто бизнести чыңдоо үчүн биз бардык багыттарды, атап айтканда, салыктык, административдик жана башка шыктандырууну карашыбыз керек. Бул ишкананын кызматкерлерин иш менен камсыз кылууга жана социалдык жактан коргоого, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана бүтүндөй экономикабызды өнүктүрүүгө жана ар тараптандырууга көмөктөшөт.

Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 2910 орто ишкердик субъекти бар. Алардын ИДӨ үлүшү 6,3%ды түзөт. Бул ишканаларда болжол менен 380 миңге жакын адам иштейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков