Касым-Жомарт Токаев Стамбулдагы терактка байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Акорда сайты билдирди.
- Ушундай оор кырдаал учурунда боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүү менен, бардык Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошондой эле жарадар болгондордун тез сакайып кетишин каалайм, - деди Касым-Жомарт Токаев.
Түркиядагы жардыруудан каза болгондордун арасында казакстандыктар жок. Бул тууралуу өлкөнүн Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, Истиклал көчөсүнө бомба койду делген адам кармалган. Эске сала кетсек, Стамбулдун борборундагы жардыруу алты адамдын өмүрүн алып, 81и түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алган. Вице-президент Фуат Октай окуянын теракт катары бааланганын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков