Казакстан айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө 1 триллион теңге бөлөт

Казакстан айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө 1 триллион теңге бөлөт

Анын алкагында быйылкы жылга 17 миң чакан насыя берүү планы менен 100 миллиард теңге каралган. Чарбаларды тоют менен камсыз кылуу максатында тейлөөчү айыл чарба кооперативдерин түзүү белгиленген. Кооперативге мүчө болгон ишкерлерге арзандатылган баада кызмат көрсөтүлөт. Ошондой эле тоют базар баасынан арзан сатылмакчы. «Айыл аманаты» долбооруна 1 триллион теңгеге чейин каражат бөлүп, 7 жылдын ичинде 1 миллиондон ашык айыл тургундарын ишкердикке тартуу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков