Казакстан КМШдагы кышкы эс алуу боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарында

Казакстан КМШдагы кышкы эс алуу боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарында

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан кышкы эс алуу боюнча лидер болуп саналат. Чет өлкөдөн келген меймандарды борбор шаар жана Алматы, ошондой эле Алматы областы менен Чыгыш Казакстандын тоо лыжа базалары абдан кызыктырат. Бурабай улуттук паркы көптөгөн жылдар бою өзүнүн жагымдуулугун жогото элек. Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн саякатчыларынын кышкы туризми үчүн эң популярдуу жерлерге баа берүүнү “Турстат” билдирди. Ошентип, серепчилердин айтымында, алдыңкы бештикке биздин өлкөдөн тышкары Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Армения дагы кирген. Рейтингдин өзү туристтер арасында популярдуулугуна, КМШ өлкөлөрүндөгү туризм жана эс алуу инфраструктурасынын өнүгүшүнө негизделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков