Чет элдеги казакстандыктар добуш беришти

Чет элдеги казакстандыктар добуш беришти

Чет өлкөдөгү казакстандыктар арасында добуш берүү жигердүү жүрүп жатат. Белгилей кетсек, бүгүн 53 мамлекетте 68 шайлоо участогу ачылды. Алардын үчөө Түркияда, Анкарада, Стамбулда жана Анталияда жайгашкан. Эки миңге жакын жаран катталган. Өлкөдөгү шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн Түркиянын университеттеринде билим алып жаткан жаштар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар жана туристтер түзөт.

Нуриддин Аманкул, №286 шайлоо участкасы комиссиясынын төрагасы:

Азыркы учурда участканын ачылышы менен жарандарыбыз добуш берүүгө активдүу катышты. Учурда эч кандай маселе жок. Бардык маселелер иштелип чыкты. Көрүнүп тургандай, таң эртеден баштап, алгачкы студент келип добуштарын беришти. Анкарада эле эмес, Анкаранын булуң-бурчунда билим алып жаткан студенттер бул жолу жигердүүлүк көрсөтүүдө.

Дильнара Муратова, шайлоочу:

Сивас шаарынан Анкарага келдим. Мен жакында 18ге чыктым. Алгачкы жолу  добуш берип жатам. Мен өлкөбүздүн келечеги үчүн добуш бердим.

Бельгия менен Люксембургдагы президенттик шайлоого Казакстандын 120 жараны добуш берет. Бул үчүн өлкөнүн Брюсселдеги элчилигинде №241 шайлоо участогу уюштурулган.

Куат Домбай, Казакстан диаспорасынын өкүлү:

Бул эң маанилүү күн жана аны өткөрүп жибербөө керек. Ошол эле учурда ар бир жарандын милдети катары каралбашы кажет. Муну өлкөбүздү жана келечегибизди жакшы жакка өзгөртүү мүмкүнчүлүгү катары кароо туура. Биз азыр 9-11-кылымдарда Борбордук Азия маданиятынын кайра жаралуусунун жана Борбордук Азиянын гүлдөп-өнүгүшүнүн алдында турабыз. Менимче, биз ушундай мезгилге кадам таштадык окшойт. Башталышы оңой болбосо да, орун алып жаткан өзгөрүүлөр Казакстанды кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк түздү. Бизди жакшы келечек күтүп турганына бекем ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков