Жыл башынан бери өлкөнүн айыл чарба тармагына болжол менен 214 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Бул өткөн жылдын дал ушул мезгилине салыштырмалуу 47,5 пайызга көп. Finprom.kz сайтынын кабарлашынча, бул каражаттын 99% өсүмдүк жана мал чарбачылыгы тармагына багытталды.
Талдоочулук порталдын маалыматы боюнча, анын төрттөн бири, башкача айтканда, 54 жарым миллиард теңгеси Түндүк Казакстан облусуна бөлүнгөн. Акмола облусуна болжол менен 42 миллиард теңге тийсе, Костанай облусу алдыңкы үчтүктү толуктайт. Бул региондун пайдасына 26 миллиард теңге туура келген.
Белгилей кетсек, агроөнөр жай комплексине каражатты тармактын ишканалары тарабынан инвестицияланган жана насыя менен банктык эмес насыялар катары тартылды. Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри быйыл айыл чарбасына 700 миллиард теңгеден ашык инвестиция жумшаларын айткан.
Ошондой эле, Өкмөт дыйкандарга айыл чарба техникаларын, жер семирткичтерди жана жогорку сапаттагы үрөндөрдү алууда колдоонун көлөмүн күчөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков