Мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери өз убагында толук аткарылат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынын 8не карата пенсия жана жөлөк пул алуучулардын эсебине 176 миллиард теңгеден ашык акча которулган. Бардык каражаттар белгиленген тартипте жана бекитилген графикке ылайык алуучулардын эсебине которулат. Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 4-кварталында даректүү социалдык жардам алган жарандарга төлөмдөр автоматтык түрдө үстүбүздөгү жылдын 1-кварталына чейин узартылып, 88 миң үй-бүлө же 432 миң адам камтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков