Казакстанда суу ташкынынын абалы турукташууда. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Премьер-министрдин орун басары билдирди. Канат Бозумбаевдин айтымында, ушул аптада суу каптоонун очогу Атырау облусунда болушу күтүлүүдө. Аталган жерде Жайык дарыясындагы суунун деңгээли Индербор жана Махамбет айылдарындагы гидро посттордогу кооптуу белгилерден ашып түштү. Учурда 7 миңден ашык адам жана 2 миң техника тартылып, жер-жерлерде суу ташкынына каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, республика боюнча суу каптаган аймактардан 119 миңден ашык адам эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө 55 миңден ашуун казакстандыктар үйлөрүнө кайтышты. Премьер-министр суу каптоодон жабыркагандарга келтирилген зыянды баалоо жана компенсациялоо иштерин тездетүүнү тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
-Региондордо суу каптоо абалынын турукташтырылышын эске алуу менен акимчиликтер баалоо жана долбоорлоо иштерин тездетүү керек. Зыяндын ордун толтуруу боюнча бардык чаралар, анын ичинде үйлөрдү жана инфраструктураны калыбына келтирүү белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш. Жабыркаган адамдарды мүмкүн болушунча тезирээк кадимки жашоого кайтарышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков