Астанада Global Businesswomen Council лидер аялдардын жыйыны болуп өттү. Иш-чара дүйнөлүк бизнес, глобалдык корпорация өкүлдөрүнүн, ошондой эле Казакстан Өкмөтү менен улуттук компаниялардын мүчөлөрүнүн башын кошту. Катышуучулар социалдык инвестициялардын актуалдуу ыкмаларын, трансформациялык тренддеги аялдардын ролун жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө жыл сайын аялдардын инклюзивдүү жана туруктуу глобалдык күн тартибин калыптандырууга кошкон салымы артып келе жаткандыгы айтылды. Алар айыл экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойношот, ошондой эле бүткүл дүйнө боюнча социалдык жана технологиялык тренддерге таасир этип келишет. Отурумдун жыйынтыгы боюнча билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү жана жасалма интеллект сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык тууралуу бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.
Кирси Уилсон, «BAKER MCKENZIE INTERNATIONAL» мүдүрлөр кеңеши төрагаcынын орун басары:
- Мамлекеттин ар кандай демилгелер аркылуу социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүнү активдүү түрдө көтөрмөлөө абдан маанилүү. Казакстанда ушуга окшогон көптөгөн кадамдар жасалып жатат. Бирок, бул багытка андан ары да басым жасоо керек. Аялдар Казакстанда да, дүйнө жүзү боюнча да бизнести өнүктүрүүгө катышып, ишканаларда жетекчилик кызматка ээ болуу үчүн ушундай максаттуу ишти улантуу зарыл. Бул жергиликтүү гана эмес, чынында глобалдык маселе.
Жамила Ерназарова, «Умай» бирикмесинин негиздөөчүүсү, ишкер:
- Мен иш-чарага катышканыма кубанычтамын. Бул жерде казакстандык тарап да, аялдар уюмдарынын эл аралык лидерлери да өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар Казакстанда гендердик теңчиликти кантип натыйжалуу киргизүүгө болору тууралуу өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Айымдарга, анын ичинде бизнестеги аялдарга, өз ишин жаңы баштап жаткан жаш кыздарга жана башкаларга өзүн-өзү өнүктүрүү багытында кеңеш берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

