К. Токаев Кытайдын ири компания жетекчилерин кабыл алды

Мамлекет башчысы Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында State Power Investment Corporation компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Лю Миншэн менен жолугушту. Тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде кайра жанма энергия булактарына негизделген өнөктөштүк келечегин талкуулады. Касым-Жомарт Токаевге China Power International Holding компаниясынын туунду компаниясы Казакстанда жигердүү иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Акыркы беш жылда өлкөдө шамал жана күн электр станциялары курулду. Ошондой эле, Жамбыл жана Павлодар облустарында 1 ГВт шамал электр станцияларын куруу боюнча жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорго 1 миллиард доллардан ашык инвестиция багытталды. Мындан тышкары, алдыдагы убакытта Казакстанда ири гидроэнергетикалык долбоорлорду жана буу-газ турбиналарды куруу пландалууда.

Президент SANY GROUP CO. LTD мүдүрлөр кеңешинин төрагасын кабыл алды

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев дүйнөдөгү ири инженердик компаниялардын биринин жетекчиси менен жолугушту. Тараптар «жашыл» энергетикада биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну талкуулады. Корпорация шамал электр станциясын ишке ашырууга катышууда, ошондой эле, кайра жанма энергия булактарына арналган мунараларды, желпиме жана гондола кураштыра турган завод салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Казакстандын президенти атайын жабдууларды биргелешип чыгаруу келечегин белгиледи. Кытайлык компанияга республикада ЕАЭБ рыногу үчүн аймактык борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков