Казакстан Авиахабдарды өнүктүрүүнү улантып жатат

Казакстан Авиахабдарды өнүктүрүүнү улантып жатат

Казакстан жаңы жылда авиациялык хабдарды өнүктүрүүнү улантат. Астана  Шымкент аэропортторунда экинчи учуп-конуу тилкелеринин курулушу башталат. Ал эми Алматы менен Актауда терминалдар кайра жаңыртылат. Мындан тышкары, 2026-жылы Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эл аралык багыттар тармагын кеңейтүү көздөлгөн. Быйыл Борбор Азия жана КМШ аймагында жаңы рейстерди ачуу пландаштырылган. Жарандык авиация комитетинин төрайымы Салтанат Томпиева белгилегендей, бул чаралар өлкөнүн транзиттик дараметин чыңдоого, аба ташуулардын сапатын жана аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.

Салтанат Томпиева, жарандык авиация комитетинин төрайымы:


- Астана жана Шымкент аэропортторунда экинчи учуп-конуу тилкелеринин курулушу башталат, Алматы аэропортунун ички каттамдар терминалы кайрадан жаңыланат, ошондой эле Актау аэропортунун перронуна капиталдык оңдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, аймактык долбоорлор да ишке ашырылууда. Атырау шаарынын аэропортунун жаңы терминалын куруу жана Павлодар аэропортун кайрадан жаңылоо пландаштырылууда. Мамлекет башчысынын туристтик багыттардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тапшырмасынын алкагында Катон-Карагай, Зайсан жана Кендирли курорттук аймактарында аэропорттордун курулушун аяктоо, ошондой эле Аркалык шаарынын аэропортун калыбына келтирүү мерчемделүүдө.

 2026-жылы ICAO менен биргеликте жарандык авиациянын Башкы планы иштелип чыгып, тармакты 2050-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы даярдалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков