Казакстандын борбору активдүү өнүгүүдө. Мисалы, анын
кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүчү 118,5% ашты. Бул Казакстан боюнча эң
жогорку көрсөткүч. Аким Жеңис Касымбектин айтымында, өлкөнүн башкы шаарында
экономиканын бардык багыттары өнүгүүдө. Натыйжада борбор инвесторлор үчүн тартымдуулугун
жоготпойт. Жыл башынан бери салымдардын көлөмү 2 триллион теңгеден ашты. Бул
2024-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик көп. Мында 66% жеке инвестицияларга туура
келет.
Женис Касымбек, Астана акими:
- Чакан
жана орто бизнес шаар экономикасынын негизи болуп калууда, жумуш орундарынын
70% камсыз кылууда. Шаарда 3,9 миллион чарчы метр турак жай пайдаланууга
берилди, жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 5 миллион чарчы метрге жеткирүү
пландаштырылууда.
Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл
бурулууда. Бул жылы үчүнчү
насостук-фильтрлөө станциясы, газ жылуулук станциялары жана электр подстанциясы
ишке берилди. Аким Астананын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө да
токтолду. Аны жакшыртуу үчүн 2025-жылы 14 чакырым жаңы жол курулуп, 60 чакырымга
жакын жол оңдолду. Ошондой эле, борбор калаада кең тилкелүү ылдам транзиттик
жолдорду куруу пландаштырылууда.
Женис Касымбек, Астана акими:
- Түштүк-Чыгыш Азияда, көптөгөн борбор шаарларда – Сеул, Токио, Пекин, Бангкок, Жакарта, Манилада бул маселе кандай чечилгени слайддарда көрсөтүлгөн. Биз ылдам транзиттик көчөлөрдүн бир нече негизги магистралдары, кең тилкелүү жол кесилиштери боюнча долбоорлоого өтүп жатабыз. 2026-жылды дал ушул долбоорлоого арнайбыз. 2027-жылы баштоону пландап жатабыз, анын ичинде биринчи долбоор Кабанбай баатыр проспектиси боюнча болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

