Казакстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан талдоочулук, методикалык жана техникалык колдоо алат. Сенаторлор Казакстан менен аталган эл аралык уюмдун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча документти жактырышты. Келишим дүйнөлүк институт тарабынан көрсөтүлүүчү материалдык-техникалык ресурстарды, кызматтарды жана укуктук макамын аныктайт. Ошондой эле, документ өлкөдө жогорку технологиялык медициналык кызматтарды киргизүүгө, адистерди даярдоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк ачат. Белгилей кетсек, бул келишимге өлкө өкмөтү менен ДССУ тарабынан үстүбүздөгү жылдын бугу айында Женевада кол коюлган.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
- Бүткүл
дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму - дүйнөлүк маанидеги эң абройлуу эл аралык
институттардын бири. Бүгүн бекитилген мыйзам Казакстан Республикасы менен
аталган уюмдун кызматташтыгын дагы да бекемдейт. Ошону менен бирге, биз
европалык аймактык комитеттин сессиясында кабыл алынган чечимдер ата мекендик
медицина тармагын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.
Бул жаатта
Астанада өткөн ДССУнун Европалык аймактык комитетинин 73-сессиясынын алкагында
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Европалык саламаттыкты сактоо бюросунун
ортосунда 2024-2025-жылдарга эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюлганын
белгилей кетүү керек. Жалпысынан Казакстан 1992-жылдан бери Дүйнөлүк
саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөсү жана Атлантика океанынан Тынч океанга
чейинки 53 мамлекетти камтыган Европа аймагына кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков