Казакстан президенти Түркиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстан президенти Түркиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев түрк бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Мамлекет башчысы YDA (Юдиэй) Holding компаниясынын Казакстандагы инвестициялык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Атап айтканда, түрк диверсификацияланган тобу Түркестан, Астана жана Петропавловск шаарларында көп тармактуу ооруканаларды куруу жана иштетүү боюнча үч долбоордун үстүндө иштеп жатат. Жакынкы арада компания көп тармактуу өндүрүштү кеңейтүүнү, ошондой эле Астана шаарында сэндвич-панелдерди чыгаруучу заводду курууну ошондой эле ьүрк Юдиэй Холдингинин дагы бир стратегиялык долбоору - Актау шаарында мультимодалдык транзиттик хабды куруусу пландалууда. Мамлекет башчысы Актөбе шаарында логистикалык хаб куруп жаткан S Sistem Lojistik компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Компаниянын маалыматы боюнча, иштер график боюнча жүрүп жатат. Борборду ишке киргизүү кийинки жылы пландаштырылган. Казакстандын президенти логистикалык инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, бул транзиттик мөөнөттөрдү кыскартууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Түрк бизнесинин көңүл чордонунда агроөнөр жай комплекси турат. Мисалы, Tiryaki Holding компаниясы Астана шаарында буудайды жана буурчакты терең кайра иштетүүчү завод курууну көздөөдө. Мамлекет башчысы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн чечимин кубаттады. Долбоор өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков