Казакстандык куткаруучулар Ооганстандагы миссиясын аяктады

Казакстандык куткаруучулар Ооганстандагы миссиясын аяктады

Ооганстандан 45 казакстандык куткаруучу кайтып келди. Эске сала кетсек, алар анда катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам беришкен. Учак Алматыга конду. Аларды аэропорттон кесиптештери жана жакындары тосуп алышты. Белгилей кетсек, Ооганстанда издөө-куткаруу иштери төрт күнгө созулду. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Герат провинциясынын үч калктуу конушунда күнү-түнү иштешти. Кыйраган үйлөрдүн урандыларын тазалоого 200дөн ашык адам катышты. Жер титирөөнүн чок ортосундагы 700дөн ашык жерди изилдешип, 80 жергиликтүү тургунга медициналык жардам көрсөтүштү.

Уларбек Абикеев, ӨКМнин жарандык коргонуу жана аскерий бөлүмдөрү комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:
-Окуя болгон жерге келерибиз менен күнүмдүк иш-тартип боюнча иштедик. Тогуздун айынын 11де таңкы саат 5те дагы жер титирөө болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, дагы эки конуш - Шояк жана Сияхаб толугу менен талкаланды. Урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн. Ал жерлерди иликтөө жана аныктоо үчүн куткаруучулардын эки тобу жөнөтүлдү. Бирок бактыга жараша адамдар урандылардын астында калган эмес. Биз жапа чеккен Шояк калктуу-конушунун 10 тургунуна тез арада медициналык жардам көрсөттүк. Андан соң биринчи катуу жер титирөөдөн жабыркаган Наиброфи айылында ишибизди уланттык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков