Өкмөт башчысы металлургдарга президент атынан сыйлыктарды тапшырды

Өкмөт башчысы металлургдарга президент атынан сыйлыктарды тапшырды

Тоо-кен металлургиялык комплексинин Казакстандын экономикасына кошкон салымы өткөн жылы болжол менен 7 пайызды түздү. Учурда тармакта 110 миңден ашуун адам иштейт. Премьер-министр Жезказганда металлург күнүнө карата тармактын кызматкерлерине Президенттин атынан мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Олжас Бектенов тармакты өнүктүрүү Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин айтты. Өндүрүштү жаңыртуу, жаңы кен чыккан жерлерди өздөштүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер улантылат. Белгилей кетсек, быйыл Мамлекет башчысы биринчи жолу «Казакстандын эмгек сиңирген кенчиси» жана «Казакстандын эмгек сиңирген өнөр жай ишмери» ардактуу наамдарын ыйгарган. Быйыл өлкөнүн булуң-бурчунда тоо-кен металлургия өнөр жайынын 600дөн ашык жумушчусунун эмгеги белгиленди.

Гүлбану Жумадилдинова, «Казакмыс» корпорациясы филилалынын флотатору:

- Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн. Ушундай сыйлык алуу мен үчүн абдан маанилүү. Сыйлыкты менин гана эмес, баардык кесиптештеримдин жалпы жемиши деп кабыл алам. Эмгегим бааланып, жогорку сыйлык алганым үчүн Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемелович Токаевге ыраазычылыгымды билдирем!

Которгон: Илгиз Жамалбеков