Казакстанда жылкынын жаңы тукуму аныкталды

«Иртыш» - мугалжар жылкысынын жаңы түрү Казакстанда чыгарылды. Абай аймагында окумуштуулар Казак тулпарларын гибриддештирүү программасы ишке киргенден бери жарым кылымга жакын асыл тукум менен алектенип келишкен. Изилдөөчүлөрдүн бир нече мууну тукумду өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө бүт күчүн жумшап, натыйжада ийгиликке жетишти. Айта кетсек, бул Абай облусунда жылкынын жаңы түрүн тандоо ийгиликтүү жүргүзүлгөн экинчи учур. Ошентип, өткөн жылы «Бескарагай» деген тукум пайда болгон.


Кайрат Исхан, профессор:


- Жылкынын параметрлери мындай - анын өндүрүмдүүлүгү жогору, этти 58%га чейин ала алып, төлдүн жогорку пайызын бере алат. Башкача айтканда, 85%дан ашат, негизинен сары, кызыл, аттын бутунда зебра сыяктуу тилкелер, кең көкүрөк жана моюн, арка. Курсагы чоң, башка түрлөрүнө салыштырмалуу ысык аба ырайына жана катаал кышка абдан ылайыкташкан. Мындан ары аттын өндүрүмдүүлүгүн дагы жогорулатып, породанын өзүн жакшыртууну көздөөдөбүз.


Эске салсак, Казакстанда спорттук багыттагы казак жылкыларынын тукумун көбөйтүү менен да алектенишет. Тиешелүү мыйзамга жакында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Жылкы чарбасын өнүктүрүүгө республикалык бюджет алдыдагы беш жылга 700 миллион теңгеден ашуун каражат бөлүүнү пландаштырылууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков