Казакстандын
жаңы Конституциясынын долбоору коомчулук тарабынан кеңири талкууланууда.
Астанада өткөн эл аралык конференцияда депутаттар жана тармактын адистери нике
мамилелери боюнча сунушталган өзгөртүүлөргө токтолушту. Долбоордун
27-беренесинде нике жана үй-бүлө мамлекеттин коргоосунда, ал эми балдарга
камкордук ата-эненин табигый укугу жана милдети катары бекитилет. Ошондой эле,
тескерисинче, 30-беренеде 18 жашка толгон жана эмгекке жарамдуу жаран күнкөрүшү
кыйындаган ата-энесине кароого милдеттүү болмокчу. Катышуучулар мындай
өзгөртүүлөр улуттук маданиятка негизделген мыйзамдарды калыптандырып, салттуу
үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоого жол ачарын белгилешет. Жыйындын жүрүшүндө
аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, жубайлардын мамилесин шайкеш
мыйзамдаштыруу механизмдери жогору бааланды.
Екатерина
Смолякова, Парламент Мажилисинин депутаты:
– Баалуулуктар
системасынын жаңыланышы, кеңейиши деп айтсам болот. Анын ичинде жаңы
Конституцияда үй-бүлөлүк баалуулуктарга өзгөчө маани берилген. Нике жана
үй-бүлө, эркек менен аялдын тең укуктуу жана эркин союзу деп так жазылган.
Ошону менен катар, ата-эне болуу, балалык чак мамлекеттин коргоосунда деп
айтылган.
Нургүл Тау, парламент
мажилисинин депутаты:
- Бул жерде апа,
ата жана бала. Ушул үчөөнү бир үй-бүлөлүк баалуулук кылып көрсөтүп жатабыз.
Үй-бүлө деген эмне экенин ушул аныктамадан эле карап маанисин билүүгө болот. Ушул
Конституция чыккандан кийин тармактык мыйзамдар толук кандуу өзгөрүлөт. Мурда
болбогон түзөтүүлөр киргендиктен, үй-бүлө, балдардын укугу жөнүндө мыйзамга,
билим жөнүндө мыйзамга, башка да ушундай мыйзамдардын көбүнө түзөтүүлөр
киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

