Ирандан Түркмөнстан аркылуу 17 өлкөнүн жарандары эвакуацияланууда

Ирандан Түркмөнстан аркылуу 17 өлкөнүн жарандары эвакуацияланууда

Түркмөнстан өз аймагы аркылуу Ирандан чет элдик жарандарды коопсуз көчүрүүнү камсыздайт. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам аба каттамдары чектелип, республика сутка бою транзит сунуштады. Мындан тышкары, Ашхабадда эвакуациялангандарды мейманканаларга жайгаштыруу, тамактандыруу жана андан ары бара турган пункттарга чейин узатуу уюштурулду. Чек арадан 150дөн ашуун адам өттү, 250дөн ашуун адамды эвакуациялоо пландаштырылган. Бул 17 мамлекеттин жараны. Алар негизинен Түркмөнстандын Серахс шаары аркылуу ташылды. Тажикстан менен Өзбекстандын жарандарын эвакуациялоо үчүн кошумча төрт бекет жана чек аралык пункт ачылды. Бул иш Ашхабаддагы башка өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.


Хабиб Мухаммед, Финляндия жараны:


– Бизди чек ара кызматтары жана ыктыярчылар тосуп алышты, алар чыныгы адамгерчилик көрсөтүп, колдоо көрсөтүштү. Азыр биз Ашхабаддабыз. Ушул жерден үйгө, Хельсинкиге учууну пландап жатабыз. Биз кагылыш аймагынан аман-эсен чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн абдан ыраазыбыз.


Ма Цзяюэ, Иран Жож студенти:


– Биз чек арага аман-эсен жеттик, жолдо эч кандай олуттуу кыйынчылыктар болгон жок. Баары тынч жана коопсуз уюштурулду. Азыр биз үйгө кайтып, абалды байкап, эмне кылуу керектигин ойлонобуз. Бирок Иранда баары тынчталып, коопсуз болсо, биз кайра кайтып, окууну уланткыбыз келет. Эң алдымен, биздин транзитибиз ушундай коопсуз коридор сунуштаганы үчүн чоң рахмат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков