Өкмөт башчысы эл аралык спорт уюмдарынын башчылары менен жолугушту

Өкмөт башчысы эл аралык спорт уюмдарынын башчылары менен жолугушту

Эл аралык спорттук кызматташтыкты өнүктүрүү, олимпиадалык кыймылды колдоо, кесипкөй    жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү механизмдери. Бул маселе Олжас Бектеновдун эл аралык спорттук уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусунда талкууланды. Жолугушууга Улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын вице-президенти, Катар Улуттук олимпиада комитетинин президенти жана вице-президенти, Азия жана World Aquatics олимпиада кеңешинин башкы мүдүрү катышты. Жолугушууда казакстандык спортчуларды даярдоо, биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана спорттук инфраструктураны жаңылоо боюнча кызматташуунун келечектери иштелип чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков