Азыркы дүйнөдө орто державалар негизги оюнчулар болуп саналат. Казакстан сыяктуу өлкөлөр дүйнөлүк аренада өз ролун күчөтүшү керек. Ошол эле учурда катышуучулар гана эмес, жооптуу менеджер катары да. Бул тууралуу мамлекет башчы Euronews эл аралык басылмасында жарыяланган макаласында билдирди. Президент пикир келишпестиктерди жана чыр-чатакты диалог жана дипломатия аркылуу гана жеңүүгө болорун баса белгиледи. Анын үстүнө республика бул маселеде өз жардамын көрсөтүүдөн коркпойт. Мисал катары Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча жакын арадагы милдеттенмесин белгиледи. Бул аракет, орто державалардын татаал дипломатиялык кырдаалдан чыгууга, компромисске жана элдешүүгө жол ачууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт деп белгиледи. Мамлекет башчы дагы бир күн тартиби аталган – туруктуу өнүгүүнү эске салды. Ал бардык эл аралык өнөктөштөрдү азыркы учурдун тынчтыгы жана гармониялуу келечеги үчүн көп тараптуулукту бекемдөөгө чакырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков