Социалдык объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүү, ошондой эле суу ташкынынан жабыркагандар үчүн турак жайларды куруу жанасатып алуу. Ушул жана башка маселелер бүгүн өкмөттөгү жыйында каралды. Премьер-Министр Олжас Бектенов белгилегендей, Мамлекет башчы тарабынан кырсыктан жабыркагандарды өзубагында турак-жай менен камсыз кылуу боюнча коюлган милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Каржылоо толугу менен бөлүнгөн, эми бардыкресурстарды мобилизациялоо жана иштиактивдештирүү милдети турат.
Эскерте кетсек, авариялык абалда деп табылган 8 миң 650 үйдүнээлери үчүн экинчи базардан турак-жай сатып алынат же үй курулат. Оңдоло турган 9 миңденашуун объекттин дээрлик бардыгында иштер бүткөрүлдү. Мындан тышкары, билим берүү жана медициналык мекемелер калыбына келтирилүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков