Казакстан менен Польша парламенттер аралык кызматташтыкты
бекемдөөгө жана эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар. Бул маселелерди Акордада Президент Касым-Жомарт
Токаев жана Польша Сенатынын маршалы Малгожата Кидава-Блоньская талкуулашты.
Тараптар саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, ошондой эле жалпы
тарыхый байланыштардын жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары
өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мамлекет башчысы Польшанын
Президентине жана Премьер-министрине жылуу саламдарын жолдоду. Өз кезегинде
Малгожата Кидава-Блоньская Касым-Жомарт Токаевге көрсөткөн меймандостугу үчүн
чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

