Жасалма интеллект фискалдык дүмүрчөктөрдү талдайт

Жасалма интеллект фискалдык дүмүрчөктөрдү талдайт

Кийинки жылдан баштап Казакстан статистикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жасалма интеллектти колдоно баштайт. Биринчи кезекте, фискалдык дүмүрчөктөрдү иштетүү үчүн нейрон тармактары колдонулат. Бул статистиктерге азык-түлүк бааларын эсептөөгө жана казакстандыктардын чыныгы чыгымдарын талдоого жардам берет. Система товарларды код боюнча автоматтык түрдө аныктап, андан кийин аларды категория боюнча иргеп, мүмкүн болушунча көп чекене соода түйүндөрүн камтууга мүмкүндүк берет. Мисалы, мурда маалыматтар 12 000 дүкөндөн кол менен чогултулса, азыр ал 124 000ден чогултулат. Жаңы механизм быйыл сыналып, натыйжалуу деп табылды. Жыл ичинде 20 миллиард дүмүрчөк талданды, алардын 8 миллиарды жасалма интеллекттин жардамы менен талданды. Ички нейрон тармагы эсептөөлөрдү тезирээк жана так кылат.


Куанышбек Жакыпбек УУЛУ, Улуттук статистика бюросунун баалар статистикасы департаментинин мүдүрү:


- Мисалы, 2,5% пастерленген сүт бар жана квитанцияларда дайыма эле бардык маалыматтар көрсөтүлө бербейт. Сүт 2,5% пастерленген, бирок кээ бир учурларда анда «моль» же жөн гана пайыз деп жазылышы мүмкүн. Биз бул маалыматтарды алып, колдоно албайбыз. Ошондуктан, биз жасалма интеллектибизди максималдуу түрдө үйрөттүк, тазаладык жана иштетүү үчүн такталган маалыматтарды бердик.


Максат Турлыбаев, Стартегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин улуттук статистика бюросунун жетекчиси:


- Айрым жана көптөгөн индикаторлор боюнча биз маалыматтарды абдан узак убакыт бою иштетүүгө аргасыз болдук. Мисалы, ИДӨ үчүн маалыматты иштетүүгө 20 күнгө чейин убакыт кетти. Эми, жасалма интеллекттин аркасында биз мунун баарын жеңилдеттик жана иштетүү бир саатка чейин убакытты алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков