Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттары азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул багытта өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган меморандумга бүгүн Нур-Султан шаарында 2 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту. Тараптар айыл чарба жаатында түзүлгөн өнөктөштүктү жана Ислам кызматташтык уюмунун стратегиялык программаларын ишке ашырууну мындан ары дагы чыңдоо ниетин билдиришти. Мунун бардыгы эки мамлекеттин ортосундагы инвестициялык кызматташууну мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот.
Марьям бинт Мухаммед Аль Мхейри, баэнин азык-түлүк жана суу коопсуздугу боюнча министр:
- Биз Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму менен тыгыз кызматташып келебиз. Биз улуттук азык-түлүк корлорун башкаруу, менеджмент жана административдик башкаруу боюнча программаларды колдойбуз жана сунуштайбыз. Эң башкысы биз бул жааттагы тажрыйбабызды башка өлкөлөр менен бөлүшкүбүз келет.
Мадияр Менилбеков, Казакстандын Баэдеги Толук Жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси:
- БАЭнин баш кеңсеси Нур-Султан шаарында жайгашкан Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунун ишмердүүлүгүн толугу менен колдойт. Мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо максатында биздин элчилик БАЭде аталган уюмдун саясатын жайылтууну улантат. Айта кетсек, Бириккен Араб Эмираттары - бул уюмдун бардык программаларына катышкан жигердүү мүчөсү болуп саналат.
Белгилей кетсек, үчтүн айынын чын куран айына чейин эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 276 млн долларга жеткен. Маалыматка ылайык, Казакстандан БАЭге экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40%га өстү. Ушул эле мезгилдин ичинде аталган мамлекеттин Казакстанга инвестициялык агымы 12%га өсүп, 181 млн доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков