Эксперттер: КМШ кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү улантат

Эксперттер: КМШ кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү улантат

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуу-КМШнын жетишкендиктеринин бири. Мындай пикирин эл аралык мамилелер жаатындагы серепчилер билдирди. Алардын айтымында, Шериктештиктин ишинин жыйынтыктарынын далили катары Энергетика жана химиялык өнөр жай тармактарындагы башка биргелешкен программаларды кароого болот. Транспорттук логистика сыяктуу келечектүү тармакка да пландар бар. Айрыкча, тараптар жүк ташууну көбөйтүп жатышат. Жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дээрлик 8%га өстү. Эл аралык коридорлордун мүмкүнчүлүктөрүн унутпоо керек. Айта кетсек, алар Шериктештик өлкөлөрүнүн аймагында аз эмес.  КМШнын катышуучуларынын башка өлкөлөр жана аймактык уюмдар менен өз ара аракеттенүү көңүл сыртанда калган жок.  

Дмитрий Ланко, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы: 

- Белгилей кетүүчү нерсе, алгач ушул жылы кызмат көрсөтүү тармагында соода алмашуу келишим түзүлдү. Буга чейин КМШ алкагында товарлар менен эркин соода зонасы түзүлгөн. Башкача айтканда, бул өнүмдү  өз ара алмашууга карата жасалды. Келишим күчүндө болгон жылдарында анын көрсөткүчтөрү кыйла жогорулады. Жалпысынан акыркы жылдары биз КМШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрүбүз менен соода алаканы бир кыйла көбөйттүк. Алар өз кезегинде көбүрөөк товар алмаша баштады. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр соодасы жанаша жүрөт. Ошондуктан биз азыр кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга басым жасадык.  

Александр Киров, Саясий илимдердин доктору: 

- Азыр бизге Иран менен өнөктөштүк мамилелерди арттыруу пайдалуу. Иран Ислам Республикасы КМШ өлкөлөрү менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу ири бирикмелер менен кызматташууга кызыкдар. Орусия менен Ирандын ортосундагы өнөктөштүк азыр да бекемделүүдө. Түркия сыяктуу бул Ислам мамлекетинин Борбор Азияга жана Кавказ өлкөлөрүнө өз кызыгуучулугу бар. Албетте Иран КМШ өлкөлөрү, анын алкагындагы уюмдар менен кызматташууга ынтызар. Бул учурда жасалып жаткан кадамдар күч алууда. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков