Президент Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузовду кабыл алды

Президент Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузовду кабыл алды

Быйыл банк өлкөгө 1,1 миллиард доллардан ашык инвестиция салууга ниеттенүүдө. Өлкөнүн экономикасында каржылык структуранын үлүшү жыл сайын өсүп жатат. Маселен, өткөн жылы Евразия өнүктүрүү банкы Казакстанга инвестициянын көлөмүн 2021-жылга салыштырмалуу 5 эсеге көбөйтүп, 1,2 миллиард долларга жеткирген. Мындан тышкары, мамлекет башчыга эл аралык интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, Бахти-Аягөз темир жол линиясын жана Казакстан менен Кытайдын чек ара бекетин куруу, ошондой эле Астрахань-Мангышлак суу түтүгүн модернизациялоо сыяктуу долбоорлор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков