Евразия өнүктүрүү банкы: Казакстан Борбор Азиядагы алдыңкы экономика

Евразия өнүктүрүү банкы: Казакстан Борбор Азиядагы алдыңкы экономика

Казакстан Борбор Азиядагы алдыңкы экономика болуп саналат. Өлкө каржы секторунда алдыңкы позицияны бекем карманып келет, буга кошумча ИДӨдүн өсүү келечектери да мыкты. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын отчетунда айтылат. Изилдөөлөргө ылайык, Казакстандын номиналдык ИДӨү 2021-жылы 197 миллиард доллардан бир аз ашкан. Бул Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жалпы көлөмүнөн 1,3 эсеге көп. Серепчилердин айтымында, өлкөнүн мындай көрсөткүчкө жетиши биринчи кезекте республиканын жаратылыш ресурстарынын мол болушуна байланыштуу. Белгилей кетсек, Казакстан мунайдын кору боюнча дүйнөдө 12-орунда, жаратылыш газынын кору боюнча 16-орунда турат. Кошумчалай кетсек, Казакстан көмүр, темир жана башка металлдарды эң ири өндүрүүчүлөрдүн бири, ал тургай уран өндүрүү боюнча биринчи орунда. Ошондой эле, өлкө буудай экспорттоочу алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. 2020-жылы дүйнөлүк рынокто 6 миллион тоннадан ашык дан соодасы менен 8-орунду ээледи. Казакстандын географиялык орду да чоң роль ойнойт. Европа менен Азия-Тынч океан аймагын бириктирген Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгеси аркылуу жүзөгө ашырыла турган жана учурдагы каттамдар да Казакстандын аймагы аркылуу өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков