Казакстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын инвесторлорун колдоо жана коргоо чаралары күчөтүлөт. Бул үчүн Мажилис макулдашууну жактырды. Документ тараптардын ишкердик кызматташтыгын шыктандырууга багытталган. Бул бекеринен эмес. Казакстан Перс булуңундагы негизги өнөктөшү менен жалпы баасы 5,3 миллиард долларды түзгөн 28 долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Эмираттардан быйылкы жылдын биринчи жарымында инвестиция агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге өсүп, 128 миллион долларды түздү. 2005-жылдан бери бул өлкө Казакстандын экономикасына үч миллиард долларга жакын инвестиция салган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр 558 миллион долларга соода жүргүзүп, товар алмашты.
Роман Василенко, Казакстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу:
Инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлордун укуктарына кепилдиктерди бекитүү жолу менен кызматташуунун укуктук негиздерин түзүүнү карайт. Келишим инвестициялык климатты жакшыртууга жана өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков