Казакстан менен Түркия ортосунда бажы көзөмөл жол-жоболору жеңилдейт

Казакстан менен Түркия ортосунда бажы көзөмөл жол-жоболору жеңилдейт

Казакстан менен Түркия эми өз ара транспорт боюнча электрондук маалымат алмашат. Бул өлкөлөрдүн чек арасын кесип өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү болот. Сенат анын тартибин аныктаган мыйзамды кабыл алды. Натыйжада бажы көзөмөл мөөнөттөрү кыскартылып, текшерүүдөн бошотуу жана башка бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт. Башкача айтканда, документ ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө себепчи болот дешет сенаторлор. Бул үчүн мыйзам чегинде мүмкүн болушунча башка көзөмөл чаралары да эске алынат.

Бекболат Орынбеков, Парламент Сенатынын депутаты:
-Мындан тышкары, тараптардын ыйгарым укуктуу органдары берилген маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу максатында маалымат алмашуунун техникалык шарттарын жекече иштеп чыгышат. Ошону менен бирге, жобо маалымат менен бөлүшүү үчүн жооптуу болгон ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт. Документтин шарттарын аткаруу үчүн бажы органдары менен түз байланыштарды жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болот. Ошондой эле маалыматтын техникалык шарттарын иштеп чыгып, пилоттук долбоорду ишке ашырууга киришет. Бул процесс аяктагандан кийин эки өлкөнүн бажы органдары үзгүлтүксүз маалымат алмашууну башташат.

Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерди эске албаганда Түркия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн үчилтигине кирет. Маселен, өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 6,3 миллиард долларды түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын биринчи жарымында эки тараптуу соода алмашуу 3 миллиард долларга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков