Казакстан менен Чехия айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул жаатта чех тарап республиканын аймагында чийки затты кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жаатында жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга инвестиция салууга кызыктар. Астанада өткөн бизнес форумда эки өлкө келечектүү долбоорлорду талкууга алды. Белгилей кетсек, Чехиянын делегациясы алгач ата мекендик айыл чарба тармагынын дарамети менен таанышуу максатында Акмола облусуна барды. Ал эми борбордогу жолугушуулардан кийин Түркестан облусуна жол тартат.
Марек Выборны, Чехия Республикасынын айыл чарба министри:
- Биринчи кезекте биз айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагында
кызматташуу орнотууга ниеттенип жатабыз. Бүгүнкү күндө Казакстандын айыл
чарбасын өнүктүрүүгө күчтүү колдоо көрсөтүлүүдө. Бул кубантарлык иш. Генетика
жана унаа жасоо тармагында да өнөктөштүк түзүлүп жатат. Казакстан заманбап айыл
чарба технологияларын колдонуу менен жаңы чарбаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.
Ал эми чех тарап бул инновациялык ыкмаларды колдоого даяр. Ошондуктан
делегациянын курамына академиялык сектордун, башкача айтканда, университеттердин
өкүлдөрү да кирди.
Айыл чарбасы эки тараптуу кызматташуу үчүн эң тартымдуу тармактардын
бири. Буга тараптардын соода жүгүртүүсүнүн өсүшү далил. Быйыл Казакстан менен
Чехиянын айыл чарба өнүмдөрүнүн соода алмашуусу 40%га өсүп, 12 миллион долларга
жетти. Жалпысынан Чехия Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен өлкөнүн стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири
болуп саналат. 2022-жылы чехиялык бизнес топтор Казакстанга 20 миллион доллар
инвестиция салган.
Алтынай Муканова, «Kazakh
Invest» УК АК Европа мамлекеттери менен
кызматташуу боюнча башчысы:
- Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери Чехия 2,8 миллиард доллар
инвестиция салууга жетишкен. Биз чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп жатабыз. Казакстан
Европа өлкөлөрүнүн негизги логистикалык борбору жана инвестициянын көлөмү да
жыл сайын артып келет. Биз Чехия менен унаа жасоо, металлургия жана кайра
иштетүү өнөр жайы, буга кошумча айыл чарба тармагында кызматташуунун чоң
дараметин көрүп турабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков