Шымкент шаарында негизги капиталга инвестициянын көлөмү 360 миллиард теңгени түздү

Шымкент шаарында негизги капиталга инвестициянын көлөмү 360 миллиард теңгени түздү

Шымкентке жыл башынан бери негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү үчтөн бирге  көбөйдү. Жалпысынан 360 миллиард теңгеге жетти. Шаардын өнүгүшү тууралуу мамлекет башчысына аким Габит Сыздыкбеков баяндама жасады. Шымкентте өнөр жай активдүү өнүгүүдө. Жыл башынан бери бул жерде 680 миллиард теңгеге продукция өндүрүлдү. Өнөр жай потенциалын арттыруу үчүн бул жерде «Жулдыз» жана «Бозарык» аттуу жаңы индустриалдык зоналар ишке киргизилди. Чакан жана орто бизнестин субъекттеринин саны да өсүп  139 миңден ашты. Курулуш тармагы да активдүү өнүгүүдө – өткөн айларда 517 миң чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. Түштүк айланма жолу жана эки ири транспорттук түйүн пайдаланууга берилди. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев чакан жана орто бизнести колдоону күчөтүүнү, аэропорттун жаңы учуу-конуу тилкесин курууну тездетүүнү жана инвестиция тартуу боюнча ишти улантууну тапшырды.

Которгон: Назира Бегалиева