Өкмөт АЭС салуу боюнча референдум өткөрүүгө байланыштуу токтом кабыл алды

Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өтөт. Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн жыйынында АЭСти куруу боюнча референдум өткөрүү боюнча токтом долбоору бекитилди. Референдум өткөрүү атомдук энергетиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча олуттуу чечим кабыл алууга жардам берет. Олжас Бектенов атомдук энергетиканы өнүктүрүүнүн келечегине токтолду. Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү чийки заттын жетишсиздигинен улам урандын баасынын олку-солку болушу таасир этпейт. Бул өз кезегинде электр энергиясына туруктуу жана болжолдуу тарифтерди камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө өзөктүк отун өндүрүү дээрлик толук өздөштүрүлүп, чакан реакторлорду колдонуу тажрыйбасы тооптолду. Олжас Бектеновдун айтымында, өлкөдө адистер, илимпоздор жетиштүү. Мындан тышкары кадрларды даярдоого да олуттуу көңүл бурулууда. Министрлер кабинетинин башчысы Казакстанда атомдук электр станциясын куруу чечими кабыл алынса, аны долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо МАГАТЭнин эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу жетекчиликке ала турганын билдирди.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Атомдук энергетиканы өнүктүрүүнүн кийинки этабына өтүү туура кадам болот. Айрыкча өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына жүктөм көбөйүп жаткан бүгүнкү кырдаалда бул маселе өзгөчө мааниге ээ. Ансыз деле энергиянын тартыштыгын сезип жатабыз. Атом энергетикасы биздин өлкөбүз сыяктуу энергияны эн көп пайдаланган экономиканы өнүктүрүүнүн негизи болуп, элдин турмуш деңгээлин мындан ары жогорулатууга мүмкүндүк берүүгө тийиш. Ошондуктан, бизде альтернатива жок туруктуу жана ишенимдүү энергия булагынан тыш калбайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков