Казакстанда инвесторлор үчүн жашыл коридор пайда болот. Атайын санариптик
платформа аларга бир катар процедуралардан жеңилдетилген тартипте өтүүгө, анын ичинде аткаруу бийлик
органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Бирок мындай механизмди
бардык эле инвестициялык долбоорлор колдоно албайт. Буга байланыштуу өлкөдө аны
тандоонун атайын критерийлери түзүлүүдө. Мындан тышкары, инвестициялык келишим механизмин
өркүндөтүү республикадагы капиталдык инвесторлордун эффективдүү иштешине шарт
түзөт. Анын алкагында арыздарды кароо 4 эсеге, башкача айтканда, 12 айдан 3 айга
чейин кыскартылат. Өлкө экономикасына инвестиция тартуунун ушул жана башка
маселелери Инвестицияларды тартуу боюнча кеңештин кезектеги жыйынында
талкууланды. Серепчилердин айтымында, келечектүү багыттардын бири – бул катуу
тиричилик калдыктарын энергетикалык керекке пайдалануу, ошондой эле, автожол
тармагы болуп саналат. Муну менен катар,
аймактык деңгээлде инвестиция тартуу боюнча Караганды облусу каралды. Облуста 12
миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, 50 инвестициялык долбоордун пулу
калыптандырылды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков